# Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

- Толук аталышы: Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/4
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-185/edition/330973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ (12.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300754

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын

12-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 5-08

Бишкек шаары

2008-жылдын 16-январы N 3/4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы

N 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик

классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна

өзгөртүү киргизүү тууралуу

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 ток-

тому менен бекитилген "Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун

бекитүү жөнүндө" токтомго (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин-

де 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн)

сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү карап көрүп, "Кыргыз Республикасынын Улут-

тук банкы жөнүндө" мыйзамдын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз

Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабына 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын

25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 51/4 "Төлөм жү-

гүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомго тө-

мөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун 3-пунктундагы "2008-жылдын 1-январынан тартып" деген

сөздөр "2008-жылдын 1-апрелинен тартып" деген сөздөр менен алмаштырыл-

сын.

2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бир-

дикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республи-

касынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамле-

кеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө

кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигине маалымдасын.

5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Рес-

публикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Социалдык

фондун, коммерциялык банктарды жана "Эсептешүү-сактык компаниясы" ААК-

сын тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Төрага үчүн

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын

Төрагасынын милдетин аткаруучу Абдыбалы тегин С.
