Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
12-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 5-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 16-январы N 3/4
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы
N 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик
классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 ток-
тому менен бекитилген "Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун
бекитүү жөнүндө" токтомго (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин-
де 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн)
сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү карап көрүп, "Кыргыз Республикасынын Улут-
тук банкы жөнүндө" мыйзамдын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз
Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабына 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын
25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 51/4 "Төлөм жү-
гүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомго тө-
мөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун 3-пунктундагы "2008-жылдын 1-январынан тартып" деген
сөздөр "2008-жылдын 1-апрелинен тартып" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын.
2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бир-
дикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республи-
касынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамле-
кеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө
кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине маалымдасын.
5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Рес-
публикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондун, коммерциялык банктарды жана "Эсептешүү-сактык компаниясы" ААК-
сын тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага үчүн
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
Төрагасынын милдетин аткаруучу Абдыбалы тегин С.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.