# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54/9
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300753>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-184/edition/330972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300753.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу" токтому (25.01.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300753

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын

25-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 4-08

Бишкек шаары

2007-жылдын 20-декабры № 54/9

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында

жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик

эсепке алуу эсептер планына карата талаптар

жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы "Кыргыз Республика-

сынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде

бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө" жобо-

нун долбоорун карап көрүү менен токтом кылат:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банк-

тарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке

алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобо" (мындан ары - жобо)

(кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана башка фи-

нансы-кредит мекемелеринин Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкта-

рында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу

эсептер планына өтүү мөөнөтү жобого ылайык, 2009-жылдын 1-январынан

тартып белгиленсин.

3. Коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери жобо-

нун негизинде Бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын иштеп чыгуу менен

аны бекитип, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2008-жылдын 1-сен-

тябрына чейин беришсин.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык

бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнө-

түшсүн.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-

тик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө ки-

рет.

6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигине маалымдасын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-

сүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
