КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын
29-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 121-07
Бишкек шаары
2007-жылдын 12-декабры № 53/6
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук
төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" нускоого өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы тарабынан "Кыргыз Республикасын-
да майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасын-
да төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" нускоого сунуш кылынган
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүү менен Кыргыз Республикасы-
нын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн
пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө"
нускоого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет)
бекитилсин.
2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бир-
дикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде бел-
гиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-
тик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине маалымдасын.
5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерция-
лык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын
областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныш-
тырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын. контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2007-жылдын 12-декабрындагы
N 53/6 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган,
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде
2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон
өткөртүлгөн N 38/11 "Кыргыз Республикасында майда
чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик
клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн
тартиби жөнүндө" Нускоо тууралуу" токтомуна
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жыл-
дын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция минист-
рлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн
N 38/11 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн
пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө"
нускоо тууралуу" токтомуна (мындан ары - Нускоо) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2.2. пункту төмөнкү мазмундагы 21-абзац менен толукталсын:
"Төлөмдү ачып көрсөтүү - эгерде бул эмгек акы долбоорлору, комму-
налдык төлөмдөр жана бюджетке төлөмдөргө тиешелүү болсо, субэсептердин
жана жеке эсептердин тилкелерин кошо алганда, төлөм тапшырмасынын бар-
дык тилкелери милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.
2. 4-бөлүк төмөнкү мазмундагы 4.2. пункту менен толукталсын:
"4.2. Эмгек акы долбоорлору, коммуналдык төлөмдөр жана бюджетке
төлөмдөргө тиешелүү болгон учурларда, банк-жөнөтүүчү Улуттук банк Баш-
кармасы тарабынан 2007-жылдын 25-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Респуб-
ликасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 3-сентябрында 82-07 номе-
ринде каттоодон өткөртүлгөн N 36/5 "Төлөм документтерин толтуруунун
тартиби жөнүндө нускоого" ылайык, Пакеттик клиринг системасындагы тө-
лөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлүшү үчүн, субэсептерди жана жеке эсептер-
дин тилкелерин кошо алганда төлөм тапшырмаларынын бардык тилкелеринин
туура жана толук толтурулгандыгын текшерүүгө тийиш".
3. 4.2- жана 4.3.-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 4.3.- жана
4.4.-пункттары деп эсептелинсин.
4. 5.1.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"5.1. Банк-жөнөтүүчү электрондук төлөм документинин файлдарын жана
билдирмелерди форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык даярдайт. Комму-
налдык, бюджеттик жана эмгек акы төлөмдөрү болгон учурларда банкжөнө-
түүчү Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлү-
шү үчүн же ар бир төлөөчү үчүн өз өзүнчө кредиттик/дебеттик төлөм тап-
шырмаларын; же субэсеп жана өздүк эсеп тилкелери милдеттүү толтурула
турган жалпы төлөм тапшырмаларын түзөт".
5. 5-бөлүк төмөнкү мазмундагы 5.6-пункт менен толукталсын:
"5.6. Клиринг борборуна берилген электрондук төлөм документтеринин
файлдарындагы төлөмдөрдүн саны банк жөнөтүүчү кардарлардан кабыл алган
төлөм документтеринин санынан жана банк жөнөтүүчүнүн өздүк төлөмдөрүнүн
санынан турган баштапкы төлөм документтердин санына дал келүүгө тийиш
(кагаз жүзүндө электрондук формада).
5. 10.1-пункту "аныктыгы үчүн жооп тартат" сөздөрүнөн кийин "жана
ачып көрсөтүү" деген сөздөр менен толукталсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы N 38/11 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү…Постановление · 22.08.2007 · № 38/11
- Постановлениие Правления Нацбанка КР от 25 июля 2007 года № 36/5 "Об утверждении "Инструкции о порядке заполнения платежных документов"Постановление · 25.07.2007 · № 36/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон