Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо тууралуу» токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын
10-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 114-07
Бишкек шаары
2007-жылдын 14-ноябры № 48/1
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын депозиттик
операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жө-
нүндө" мыйзамынын 26-статьясынын негизинде жана Улуттук банк Башкарма-
сынын 2006-жылдын 29-ноябрындагы № 37/4 "Коммерциялык банктардын мөө-
нөттүү депозиттик эсептерине каражаттарды тартуу жөнүндө" токтомуна
ылайык, кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун долбоорун
карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом
кылат:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет)
бекитилсин.
2. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен
бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде
белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-
тик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыялангандан кийин, 2008-жылдын
14-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине маалымдасын.
5. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 43/1
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын депозиттик операцияларды жүр-
гүзүү тартиби жөнүндө" жобо тууралуу токтому күчүн жоготту деп тааныл-
сын.
6. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен рес-
публиканын коммерциялык банктарын жана "Эсептешүү-Сактык компаниясы"
ААКсын тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банк Башкармасынын Төрагасы М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/11 "«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө»…Постановление · 28.03.2013 · № 10/11
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын…Положение · 14.11.2007 · № 48/1 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон