# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Акча каражаттарын легализациялоо максатында атайы депозит эсебин ачуу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Акча каражаттарын легализациялоо максатында атайы депозит эсебин ачуу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42/6
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300716>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-171/edition/366133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300716.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Акча каражаттарын легализациялоо максатында атайы депозит эсебин ачуу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу (26.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300716

---

КР Улуттук банк Башкармасынын

2009-жылдын 26-августундагы № 35/5 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-октябрында

каттоодон өткөн. Каттоо номери № 100-07

Бишкек шаары

2007-жылдын 19-сентябры № 42/6

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

"Акча каражаттарын легализациялоо максатында

атайы депозит эсебин ачуу жана жүргүзүү

тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы "Акча каражаттарын

легализациялоо максатында атайы депозит эсебин ачуу жана жүргүзүү тар-

тиби жөнүндө" нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасын-

дагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана

кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзам-

дарына таянуу менен токтом кылат:

1. Кароого сунушталган "Акча каражаттарын легализациялоо максатын-

да атайы депозит эсебин ачуу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" нускоо (ко-

шо тиркелет) бекитилсин.

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык

бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-

нистрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-

тик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө ки-

рет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигине маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-

сүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
