# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМАнын 2007-жылдын 11-сентябрындагы № 01-13/200 буйругуна № 1 тиркеме СИТЕС уруксат берүү документтерин алуу үчүн материалдарды кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМА лицензияу-руксат берүү комиссиясынын ишинин УБАКТЫЛУУ РЕГЛАМЕНТИ.

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМАнын 2007-жылдын 11-сентябрындагы № 01-13/200 буйругуна № 1 тиркеме СИТЕС уруксат берүү документтерин алуу үчүн материалдарды кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМА лицензияу-руксат берүү комиссиясынын ишинин УБАКТЫЛУУ РЕГЛАМЕНТИ.
- Актынын түрү: Регламент
- Номери: 01-13/200
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/58-243/edition/432349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300709.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМАнын 2007-жылдын 11-сентябрындагы № 01-13/200 буйругуна № 1 тиркеме СИТЕС уруксат берүү документтерин алуу үчүн материалдарды кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМА лицензияу-руксат берүү комиссиясынын ишинин УБАКТЫЛУУ РЕГЛАМЕНТИ. (04.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300709

---

КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук

актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык

КҮЧҮН ТОКТОТТУ

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында

каттоодон өткөн. Каттоо номери 96-07

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу КтЧК жана ТЧМАнын

2007-жылдын 11-сентябрындагы

№ 01-13/200 буйругуна

№ 1 тиркеме

СИТЕС уруксат берүү документтерин алуу үчүн

материалдарды кароо боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМА лицензияу-руксат

берүү комиссиясынын ишинин

УБАКТЫЛУУ РЕГЛАМЕНТИ.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМА лицен-

зия-уруксат берүү комиссиясы СИТЕС аракетине тиешелүү өсүмдүктөр жана

жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттилерин импорттоого, экспорттоого жана ре-

экспорттоого СИТЕС уруксат берүү документтерин алуу үчүн материалдарды

карайт. Ал эми, цирк гастролдорун, ањчылык жана балык уулоо трофейле-

рин, музей жана көргөзмө экспонаттарын, адамдардын менчиги болуп санал-

ган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн айрым үлгүлөрүн Кыргыз Республика-

сынын СИТЕС Администрациялык органы тарабынан уруксат оз алдынча бери-

лет.

Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой

чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин буйруктарын, Комиссиянын ишмер-

дигине тиешелүү ишти жөнгө салган эл аралык мыйзамдардын нормаларын жа-

на ушул регламентти жетекчиликке алат.

2. Комиссиянын отуруму Комиссиянын кароосуна сунушталган материал-

дарды баяндоодон башталат.

3. Комиссия талкууга коюлган маселелерди ачык талкуулайт жана че-

чет. Комиссиянын чечими боюнча анын отурумуна кызыкдар адамдар катыша

алышат.

4. Комиссиянын отуруму анын төрагасы, ал эми ал жок учурда зарыл-

дыкка жараша анын орунбасары тарабынан чакырылат.

Комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү убактысы жана орду төрага

же анын орунбасары тарабынан аныкталат.

5. Комиссиянын отурумун анын төрагасы же орунбасары ачат жана алып

барат. Төрагалык кылуучу Комиссиянын отурумунда күн тартибин жарыялайт,

Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана кабыл алына турган чечимдердин

долбоорун талкууга коет, талкуунун жыйынтыгын чыгарат жана кабыл алын-

ган чечимдерди жарыялайт, Комиссиянын отурумунун протоколдоруна кол ко-

ет.

6. Комиссиянын катчысы протокол жүргүзөт, анда Комиссиянын мүчөлө-

рүнүн жана отурумга чакырылып катышкандардын сүйлөгөн сөздөрүнүн кыска-

ча мазмунун түшүрөт. Комиссиянын ар бир мүчөсү өз сын пикирин айтып,

аларды протоколго киргиздире алат.

7. Эгерде Комиссиянын отурумунда анын бекитилген курамынын жарымы-

нан аз эмеси катышкан болсо, комиссиянын чечимдери мыйзамдуу.

8. Комиссия анын катышып отурган мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көп-

чүлүгү аркылуу ачык добуш берүү менен чечим кабыл алат. Добуштар тењ

болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.

9. Комиссиянын чечимдери тиешелүү уруксат берүү документин берүү,

макулдашуу же берүүдөн (макулдашуудан) баш тартуу үчүн негиз болуп са-

налат.
