Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 «Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2007-жылдын 13-июну № 30/8 Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2000-жылдын 15декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 4, 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
М. Алапаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 15-июнундагы № 30/8 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201-номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 15-декабрында 201-номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2.5 пункт төмөнкү редакциядагы 26, 27, 28, 29, 30-пунктчалар менен толукталсын:
"26) Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамынын талаптарын сактоо үчүн жооптуу кызматкер дайындалсын";
27) кардар жөнүндө маалыматты кошо алганда, накталай четөлкө валютасы менен жүргүзүлгөн бардык алмашуу операциялары жөнүндө маалыматты Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында белгиленсин, ал номерленүүгө, боолонууга жана юридикалык жактын же жеке ишкердин мөөрү менен бекитилүүгө тийиш (1а-тиркеме). Бул пунктчада көрсөтүлгөн маалымат беш жылдан кем эмес мөөнөттө сакталсын;
28) айына эки жолу, айдын 1-жана 16-күнүнө карата абал боюнча алмашуу бюросунун коштомо каты менен магниттик алып жүрүүчүдө берилүүчү электрондук документ түрүндө, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында белгиленген маалымат берилет. Алмашуу бюросунун жетекчисинин колу коюлган жана алмашуу бюросунун мөөрү (штампы) менен тастыкталган коштомо кат, ал тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу органга берилүүчү кардарлардын саны жөнүндө маалымат камтылууга зарыл.
29) эгерде накталай четөлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялардын суммасы 1000000 сомго (четөлкө валютасындагы эквивалентине) барабар же ага барабар болгон учурунда, бул операция тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай операция ишке ашырылган күндөн кийинки жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен, магниттик алып жүрүүчүдө берилүүчү электрондук документ түрүндө берилет;
30) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча иш алып барган кызматкерлерди окутуу камсыз кылынсын".
2. 2.5-пунктунун 26-пунктчасы 31-пунктча болуп эсептелсин.
3. 2.7-пунктунда "1-14-пунктчаларында" сөздөрүнөн кийин ", 27" цифрасы кошулсун.
4. 3.1-пункту төмөнкү редакциядагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамына".
5. 3.1-пунктунун төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары тиешелүүлүгүнө жараша бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтар болуп эсептелсин.
6. 4.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.1. Накталай четөлкө валютасын сатып алуу инсандыгын тастыктоочу документинин (фотосүрөтү менен) негизинде кардарды милдеттүү идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кардардын катышуусунда кассир нак сумманы эсептеп чыгат жана кардар тарабынан берилген валютанын аныктыгын текшерет. Ошону менен, банкнотторду иштеп чыгуу кардардын банкнотторду көрүп туруу шартында жүргүзүлүшү керек. Кардар (инсандыгын тастыктоочу документтин негизинде) жана накталай четөлкө валютасын сатып алуу боюнча операциялар жөнүндө маалымат Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында белгиленет".
7. 4.4. пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.4. Накталай четөлкө валютасын сатуу инсандыгын тастыктоочу документинин (фотосүрөтү менен) негизинде кардарды милдеттүү идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кардардын катышуусунда кассир нак сумманы эсептеп чыгат жана кардар тарабынан берилген валютанын аныктыгын текшерет. Ошону менен, банкнотторду иштеп чыгуу кардардын банкнотторду көрүп туруу шартында жүргүзүлүшү керек. Кардар (инсандыгын тастыктоочу документтин негизинде) жана накталай четөлкө валютасын сатуу боюнча операциялар жөнүндө маалымат Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында белгиленет".
8. 6-тиркемеде "Банктык көзөмөл башкармалыгы" сөздөрү "Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы" сөздөрү менен алмаштырылсын.
9. Жобо төмөнкү мазмундагы 1а-тиркеме менен толукталсын:
"1а тиркеме
"Накталай четөлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо ЖУРНАЛЫ
ЖУРНАЛ регистрации информации об операциях с наличной иностранной валютой
| Опера- ция жүргү- зүлгөн күн/Да- та совер- шения опера- ции | Опера- циянын тү- рү(1)/Вид опера- ции(1) | Валюта нын түрү жана суммасы/ Сумма и вид валюты | Кардардын аты-жө- нү/Юриди- калык жактын аталы- шы/ФИО клиен- та/Наиме- нование юридичес- кого лица | Паспорт номери, берилген күнү/КР ЮМ күбөлүк номе- ри/бе- рилген күнү/Но- мер паспор- та, дата выда- чи/Номер свиде- тельства МЮ КР, дата выдачи | Жеке адамдын жашаган даре- ги/юриди- калык жактын катталган жери/Ад- рес места жительства физического лица/места регистрации юридическо- го лица | Жеке адамдын орун алган жеринин даре- ги/юри- дикалык жактын жайгашкан жери/Ад- рес места пребывания физического лица/места нахождения юридическо- го лица |
Алмашуу бюросунун жооптуу кызматкеринин колтамгасы/ Подпись ответственного работника обменного бюро __________________
Алмашуу бюросунун жетекчисинин колтамгасы/ Подпись руководителя обменного бюро __________________
Эскертүү/Примечание: 1-операциянын түрү: четөлкө валютасын сатып алуу же сатуу/ вид операции: покупка или продажа иностранной валюты".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о порядке проведения обменных операций с наличной иностранной валютой в Кыргызской Республике (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2000 года №…Положение · 30.11.2000 · № 42/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2000 года № 42/1 "Об утверждении Положения о порядке проведения обменных операций с наличной иностранной валютой в Кыргызской…Постановление · 30.11.2000 · № 42/1
- Положение о порядке проведения обменных операций с наличной иностранной валютой в Кыргызской Республике (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2000 года №…Положение · 30.11.2000 · № 42/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон