# Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2007-жылдын 30-майынын № 28/3 Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2007-жылдын 30-майынын № 28/3 Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28/3
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-160/edition/330870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2007-жылдын 30-майынын № 28/3 Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому (30.05.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300669

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда

каттоодон өткөн. Каттоо номери № 66-07

Бишкек шаары

2007-жылдын 30-майы № 28/3

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын

жана финансы-кредит мекемелеринин бухгалтердик

эсепке алуу эсептер планынын жањы

редакциясын бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, Кыргыз Республика-

сындагы коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин бух-

галтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясынын долбоорун ка-

рап көрүү менен токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана финан-

сы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясы (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык

бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министр-

лигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-

тик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө

кирет.

4. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) та-

лаптары Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана финан-

сы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы

редакциясынын жоболорунун алдында артыкчылыктуу абалга ээ.

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигине маалымдасын.

6. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, төмөнкүлөр күчүн жо-

готту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл

алынган, № 22/1, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде

2005-жылдын 12-августунда 101-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыр-

гыз Республикасындагы коммерциялык баш тардын жана финансы-кредит меке-

мелеринин бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясын

бекитүү тууралуу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 27-декабрында ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын

6-февралында 12-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 43/6 "Улуттук банк

Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы № 22/1 токтому менен бекитилген

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 12-августун-

да 101-05 номериндеги) Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын

жана финансы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке алуу эсептер пла-

нына карата Тиркемеге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туура-

луу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-февралында ка-

был алынган № 7/3, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде

2007-жылдын 19-мартында 28-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Улуттук

банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы № 22/1 "Кыргыз Республика-

сындагы коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин бух-

галтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясын бекитүү туура-

луу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-

сүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк Башкармасынын төрагасы М.Алапаев
