# Корул айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 38/6 "Тогузгун участкасына балдар бакчасына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 38/6 "Тогузгун участкасына балдар бакчасына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38/6
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4172/edition/763301/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 38/6 "Тогузгун участкасына балдар бакчасына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (29.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29943

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 38- кезексиз заседаниеси

2016-жылдын 29-сентябры № 38/6 Тогузгун участкасына балдар бакчасына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогузгун участкасында балдар бакчасы жоктугунан, ата-энелердин суроо талабын канааттандырып, жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Корул айылдык кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Жылга айылынын Тогузгун участкасына балдар бакчасын салуу үчүн 0,020 га жер аянты Орозалиев Тынчыбек убактылуу пайдаланып жүргөн жерден айыл өкмөтү тарабынан чектелип берилсин.

2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин

Төрага

Т. Маназаров
