# Корул айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 38/4 "Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талаптарын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 38/4 "Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талаптарын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38/4
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29941>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4170/edition/763297/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 38/4 "Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талаптарын канааттандыруу жөнүндө" токтому (29.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29941

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 38- кезексиз заседаниеси

2016-жылдын 29-сентябры № 38/4 Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талаптарын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Кең–Жылга айылынын тургундары Жаңыбаев Турумбектин, Умаров Алымжандын, Кыдыралиев Сыргактын, Абдразаков Арапбектин жеңил машиналары кыш мезгилинде жана жаз мезгилинде суу ташкындары көбөйгөн учурларда бир топ кыйынчылыктар болгондуктан, алардын суроо талаптарын эске алуу менен, Корул айылдык кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Жылга айылынын тургундары Жаңыбаев Турумбекке, Умаров Алымжанга, Кыдыралиев Сыргакка, Абдразаков Арапбекке 0,035 м.кв тан жер аянты Кең-Жылга айылынын айыл чарбасына жараксыз жеринен ыңгайына жараша караштырып, мыйзам чегинде (бирөөлөргө тоскоолдугу, талашы жок жерлерден) убактылуу гараж салуу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин

Төрага

Т. Маназаров
