# Бел айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-октябрындагы №7/4 "Бел айыл аймагындагы №2 ,3,437,430,426,356,79,75,76,38,39 жана 98 контурундагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бел айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-октябрындагы №7/4 "Бел айыл аймагындагы №2 ,3,437,430,426,356,79,75,76,38,39 жана 98 контурундагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/4
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/299186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40149/edition/873135/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бел айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-октябрындагы №7/4 "Бел айыл аймагындагы №2 ,3,437,430,426,356,79,75,76,38,39 жана 98 контурундагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (31.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/299186

---

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Бел айылдык Кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы (алтынчы чакырылыш)

2017-жылдын 31-октябры №7/4 Бел айыл аймагындагы №2 ,3,437,430,426,356,79,75,76,38,39 жана 98 контурундагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Бел айыл аймагында акыркы жолу 2005-жылы жарандарга турак-жай салууга жер участкасы тартылган. Азыркы учурда турак-салууга жер участогун сураган жарандардын арызы өтө көп түшүүдө.Алардын суроо-талаптарын ишке ашыруу турмуш зарылдыгы деп эсептеп Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 63-беренелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2014-жылдын 19-мартындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнундө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” №169-токтомун жетекчиликке алып Бел айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл аймагында жайгашкан”№ 2 контурдан 6 га, №3-контурдан таштак жайыт жерден 1,5 га № 410-437 контурдагы 5 га, №430 контур жайыт жерден 10 гектар, № 426 контур жайыт жерден 0,70 га, № 356 контурдан жайыт жерден 5 га,№79,76,75,73 контурдагы жайыт жерлерден 0,80 жана кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерине н № 38 контурдан 3,1 га, №39 контурдан 4,9 га, №98-контурдан 10 га жер аянтын турак-жай куруу үчүн ажыратууга макулдук берилсин.

2. Аталган жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууну карап чыгып,жогорку органдарга сунуш берүү жагы Ноокат райондук мамалекеттик администрациясынан суралсын.

3. Жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жана өзгөртүү киргизүү Ноокат райолндук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысынан суралсын.

4. Бул жер аянтына курулуштун башкы планын иштеп чыгуу жана курулушка тиешелүү документтерди даярдоо Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынан суралсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бел айылдык Кеңешинин айыл чарба жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

Сулайманов. Ш. Ж
