# Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 24-августундагы №32 "Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнө велосипед жолун куруу менен Нурматов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө, Проектная көчөсүн Ленин көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүчү жайларга дал келген 362 түп даракты кыюуга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 24-августундагы №32 "Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнө велосипед жолун куруу менен Нурматов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө, Проектная көчөсүн Ленин көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүчү жайларга дал келген 362 түп даракты кыюуга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/299177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40140/edition/869343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/299177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 24-августундагы №32 "Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнө велосипед жолун куруу менен Нурматов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө, Проектная көчөсүн Ленин көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүчү жайларга дал келген 362 түп даракты кыюуга макулдук берүү жөнүндө" токтому (24.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/299177

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы (IV чакырылыш)

2016-жылдын 24-августу №32 Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнө велосипед жолун куруу менен Нурматов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө, Проектная көчөсүн Ленин көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүчү жайларга дал келген 362 түп даракты кыюуга макулдук берүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 17-августундагы «Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнө велосипед жолун куруу менен Нурматов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө, Проектная көчөсүн Ленин көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүчү жайларга дал келген 362 түп даракты кыюуга макулдук берүү жөнүндөгү» катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 18-августундагы отурумунун №24-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнө велосипед жолун курууда Кыргыз Республикасынын экологиялык экспертиза жөнүндөгү мыйзамын, Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобосунун жана башка мыйзамдардын шарттарын толугу менен аткарылгандан кийин Нурматов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө, Проектная көчөсүн Ленин көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүчү жайларга дал келген 362 түп даракты кыюуга макулдук берилсин.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж. Ормонов
