Ош шаардык кеңешинин «Айлык акы алып иштей турган туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы (IV чакырылыш)
2016-жылдын 24-августу №20 Айлык акы алып иштей турган туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Батыров Акбарали Таштанович жана социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Осмонов Ашим Алымович айлык акы алып иштешет деп эсептелсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Зулимовго жүктөлсүн.
Төрага
Ж. Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219