# Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 23/1 "Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 23/1 "Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23/1
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4058/edition/826314/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 23/1 "Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому (22.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29829

---

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХXIII сессиясы

2016-жылдын 22-августу № 23/1 Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03. 2014-ж № 145 жана 19.12.2014-ж № 175 жана 11.03.2014-ж №124 токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандык аблдын актыларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгу токтомунун негизинде типтуу келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03. 2014-ж № 145 жана 19.12.2014-ж №175 жана 11.03.2014-ж № 124 токтому жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгу токтомунун негизиндеги түзүлгөн келишим бекитилсин.

2. Талаа-Булак айыл өкмөтүндө кызмат ордунун келишимин, штат бирдигинин акча каражаты мөөнөтүнөн кечиктирбей өз убагында төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын катто Департаментинен суралсын

Төрага

Н. Керимкулов
