# Кара-Бак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 38 "Кара-Бак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 38 "Кара-Бак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3963/edition/771076/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 38 "Кара-Бак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоону бекитүү жөнүндө" токтому (08.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29733

---

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 8-ноябры № 38 Кара-Бак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоону бекитүү жөнүндө "Кыргызмамжердолбоорлоо" институтунун Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын Кара-Бак айыл аймагындагы айылдык конуштарынын тактаган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 сандуу токтомунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызмамжердолбоорлоо" институтунун Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын Кара-Бак айыл аймагындагы жер фондуну инвентаризациялоо материалдары бекитилсин.

2. Кара-Бак айыл аймагындагы жер фондуну инвентаризациялоо материалдарын бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Курбанбековго жүктөлсүн.

Төрага

А. Каламбеков
