# Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №13 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №13 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/297072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-39834/edition/849414/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №13 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/297072

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VI сессиясы (VII чакырылыш)

2017-жылдын 13-апрели №13 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VI- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин киреше-чыгашасы Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы №254, 2016-жылдын 7-майындагы №56 мыйзамдарынын редаксияларына ылайык жана 2017-жылдын 1- январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48- “Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери” беренесинин 10-пунктуна ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм жайыт салыгын кошпогондо 420,4 миң сомго бекитилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багытто милдети жүктөлсүн

3. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

М. Нуржакыпов
