Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көлдүк айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын,Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлумунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн 1-январь 2015-жылдан 31-декабрь 2015-жылга чейинки мезгил ичинде бюджет сметасынын түзүлүшү жана анын аткарылышы боюнча 1-март 2017-жылдагы № 01-12.115 катын кароо жөнүндө» токтому
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көлдүк айылдык кеңешинин кезексиз 2 сессиясы (VI чакырылыш)
2017-жылдын 10-марты №13 Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын,Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлумунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн 1-январь 2015-жылдан 31-декабрь 2015-жылга чейинки мезгил ичинде бюджет сметасынын түзүлүшү жана анын аткарылышы боюнча 1-март 2017-жылдагы № 01-12.115 катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын, Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлумунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн 1-январь 2015-жылдан 31-декабрь 2015-жылга чейинки мезгил ичинде бюджет сметасынын түзүлүшү жана анын аткарылышы боюнча 1-март 2017-жылдагы № 01-12.115 каты айылдык Кеңештин бюджет,финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып,депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Көлдүк айылдык Кеңеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып келтирилген кемчиликтерге баа берип тийиштүү жооптуу адамдарга чара коруу жагы каралсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1994-жылдын 23-июлундагы № 1.7 токтому менен бекитилген «Кассалык кыймыл эрежелерин жүргүзүү, акча каражаттарынын сакталышы жана транспортировкасы» Эрежесинин талаптары ылайык, касса үчүн атайын бөлмө ажыратылып, темир сейф орнотулуп полго кадалып, эшиктери жана айнектери темир торчо менен жабдуу жагы айыл өкмөттүн башчысы С.Караевке милдеттендирилсин.
3. Келишим менен иштеген жумушчулардын киреше салыгын жана камсыздандыруу взносторун өз убагында которуу жагы милдеттендирилди.
4. Сапар чыгымын төлөп берүүдө 2,4 миң сомдук ашыкча төлөп беруулөр (переплата) кайра өндурүлсүн, КР Өкмөтүнүн 26.08.2008-жылдагы № 471-токтомунун негизинде жүргүзүү жагы эскертилсин.
5. Электроэнергия колдонуунун тартиптери так сакталуу жагы мектеп директорлоруна жана мекеме уюмдун жетекчилерине эскертилсин.
6. 2015- жылдык баланста көрсөтүлбөй калган 78,8 миң сомдук дебитордук карызды 2016-жылдын 1-январына карата жылдык баланска көрсөтүү жагы эскертилсин.
7. Бухгалтердик эсепти жүргүзуу жана финансылык отчетторду түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген «Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу» Жобосунун талаптарына ылайык жүргүзүү жагы эскертилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б. Сатыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 224 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон