# Достук айылдык кеңешинин 2013-жылдын 9-декабрындагы № 6 "Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык кеңешинин 2013-жылдын 9-декабрындагы № 6 "Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29664>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3894/edition/758208/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык кеңешинин 2013-жылдын 9-декабрындагы № 6 "Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору жөнүндө" токтому (09.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29664

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Достук айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы

2013-жылдын 9-декабры № 6 Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы № 743-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирин жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” жобосунун 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы № 184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү жобосуна ылайык Достук айылдык кеңешинин сессиясында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү жобосуна ылайык Достук айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Төрага

К. Осконбаев
