Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жазы айылдык кеңешинин «Жазы айыл өкмөтүнун резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жазы айылдык кеңешинин 5-чакырылыштагы XXIV сессиясы
2016-жылдын 29-августу № 67/24 Жазы айыл өкмөтүнун резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы Жазы айыл өкмөтүнүн резервдик фонду жөнүндөгү Жобосун карап чыгып, талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн резервдик фонду жөнүндөгү Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартипти чындоо, кылмыштуулука каршы күрөшү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б. Дыйканбаев
Жазы айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы №67/24 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн резервдик фонду жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Резервдик фонддун эсеп-кысабы
3. Резервдик фонддун акча каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Кредиттерди тескөөчүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Жазы айыл өкмөтүнүн резервдик фонду (мындан ары – резервдик фонд) боюнча чыгымдар жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралат.
2. Жазы айыл өкмөтүнүн резервдик фонду ушул Жободо белгиленген формулаларга ылайык аныкталат.
2. Резервдик фонддун эсеп-кысабы
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын резервдик фондду боюнча көлөм төмөнкү формулалар боюнча эсептелет.
1)АӨРФ=ОЖК*АК
АӨ – айыл өкмөттүн башчысынын резервдик фонду; ОЖК-орто эсеп менен жана башына көрсөткүч; АК-айыл аймагынын калкы.
3. Резервдик фонддун акча каражаттарын пайдалануунун тартиби
5. Резервдик фонддон бөлүнгөн бюджеттик каражаттар айыл өкмөттүн башчысынын буйругуна ылайык ушул Жободо каралган максаттарга пайдаланууга тийиш.
6. Айыл өкмөттүн башчысы резервдик фонддун каражаттарын тескөөчүлөр болуп саналат.
7. Резервдик фонд жергиликтүү бюджетин түзүүдө жана бекитүүдө эсепке алынбаган экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чаралар боюнча болжолдонбогон чыгашаларды жабуу үчүн түзүлөт жана төмөнкү максаттарга пайдаланылат:
- Майрам күндөрдө расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
- Айыл өкмөттүн аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ВИЧ/СПИДке чалдыккан адамдарга жана калктын жакыр катмарларына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан социалдык-маданий жана административдик обьекттерди курууга, ондоого жана материалдык-техникалык баазасын жана инфраструктурасын жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- Айыл өкмөттүн масштабында расмий даталарга арналган иш-чараларды өткөрүүгө;
- Кесиптик майрамдарга байланыштуу эмгек синирген кызматкерлерди сыйлоого;
- Табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин адын алуу жана жоюу боюнча маселеледи ыкчам чечүү;
- Айыл аймагынын калкынын жакыр катмарына финансылык жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорун өткөрүүгө;
- Спорттук иш-чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүшүнө окутуу салым кошкон, айыл өкмөттүн аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын белгилүү инсандарына бир жолку финансылык колдоо көрсөтүүгө.
8. Резервид фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
- Комерциялык максаттарга же пайда алып келүүчү иштерге;
- Өкмөттүк эмес уюмдарды күтүүгө жана ишин камсыз кылууга;
- Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн көбөйтүүгө;
- Облуста жана райондо өткөрүүлүчү маарекелерди, тойлорду башка оюн-зоок иш чараларды уюштурууга.
4. Кредиттерди тескөөчүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
9. Каражаттарды тескөөчүлөр жана каражаттарды алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резервдик фонддун акча каражаттарын сактоого, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга жеке жоопкерчилик тартат.
10. Резервдик фонддордун акча каражаттарын эсепке алуу каражаттарды башкы тескөөчүнүн жана алуучунун өзүнчө казыналык эсеп-чотторуна (бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан өзүнчө) жүргүзүлөт.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык резервдик фонддодун каражаттарын алуучулар ар сайын республикалык бюджетте турган мекемелердин чыгаша сметаларын аткаруу тууралуу жыйынтыктоочу отчетту тескөөчүлөргө берет.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №224 “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык каражаттарды тескөөчүлөр облустар боюнча бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасын аткаруу тууралуу жыйынтыктоочу отчет түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине беришет.
13. Резервдик фонддордун каражаттарын эсепке алуу, бөлүштүрүү Жана пайдалануу жол-жобосу өзгөргөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жобого тийштүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизет.
Жооптуу катчы
Х. Тайтокурова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 224 · Күчүн жоготкон