# Александровка айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 26 "Александровка айыл аймагында 2018-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Александровка айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 26 "Александровка айыл аймагында 2018-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/296460>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-39399/edition/850533/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/296460.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 26 "Александровка айыл аймагында 2018-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө"токтому (18.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/296460

---

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Александровка айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVII чакырылыштагы

2017-жылдын 18-сентябры № 26 Александровка айыл аймагында 2018-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси М.Ягузанын маалыматын угуп чыгып. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 4-бөлүгүнүн 339-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 7-бөлүгүнүн 3-беренесине ылайык жана калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенттин керек болгондугуна байланыштуу: Александровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы короо участкаларын, бакча короо участкаларын, үйдүн алдындагы участкаларын колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:

Александровка айылы – 1,0 Беш-Көрүк айылы - 1,0 Крупский айылы - 1,0

2. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы айыл чарбага дайындалбаган жерлерин колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:

Александровка айылы – 1,2 Беш-Көрүк айылы - 0,9 Крупский айылы - 1,1 Салык бөлүмүнүн адистерине күнүмдүк иштеринде жогоруда көрсөтүлгөн коэффициентин жетекчиликке алуу сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин бюджеттик, социалдык жана этикалык комиссиясынын төрагасы У.Мырзабековко жүктөлсүн.

Төрага

Ш.Ягузов
