# Таш-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 09-октябрындагы № 2 «Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 09-октябрындагы № 2 «Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/296435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-39374/edition/850489/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 09-октябрындагы № 2 «Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому (09.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/296435

---

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Таш-Булак айылдык кеңешинин V-чакырылышы VI- сессиясы

2013-жылдын 09-октябры № 2 «Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы №30 Мыйзамынын1-беренесинин 2-бөлүгүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын нормативдик- укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамынын 27-28- беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743, 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтомдору менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын нормативдик-укутук актылары жөнүндө” Жоболордун талаптарына ылайык, Таш-Булак айылдык кеңешинин сессияларын кабыл алынган токтомдорун жергиликтүү гезиттерге жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү каамсыз кылуу максатында, Таш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынып жаткан токтомдору (тиркемелери менен) жана мындан кийинки 2014-жыл ичинде кабыл алынуучу токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Таш-Булак айылдык кенешинин төрагасы Х.Султановго жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.

Төрага

Х.Султанов
