# Будалык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 23/4 "Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Будалык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 23/4 "Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23/4
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3780/edition/781126/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Будалык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 23/4 "Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө" токтому (10.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29550

---

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Будалык айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын кезектеги 23 заседаниясы

2016-жылдын 10-февралы № 23/4 Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа“ бала бакчасынын ата-энелер чогулушунун 26.01.2015-жылдагы № 2 жана Кара-Суу айылындагы № 20 “Нурай “ бала бакчасына ата-энелерден алынуучу төлөмдөр жөнүндө ата-энелер чогулушунун 18.01 2015-жылдагы төлөмдөр жөнүндө чогулушунун № 2 протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү” Мыйзамынын 5-главасынын 22-беренесине таянып, Будалык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Нурай “ бала бакчаларынан ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Нурай “ бала бакчаларына ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчалардын башчысы Чолпон Осмоновага жана Шайыргүл Бекмаматовага милдеттендирилсин.

3. 2016-жылдын июнь, июль айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана ата энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин

Будалык айылдык кеңешинин төрагасы

У. Асанов
