# Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 37/7 "Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 37/7 "Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37/7
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3645/edition/752746/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 37/7 "Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө" токтому (27.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29415

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 37-заседаниясы

2016-жылдын 27-сентябры № 37/7 Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, Эркебаев Орунбайдын үйүнөн баштап, Кеңешбаев Сталбектин үйүнө чейинки чоң жолдун үстүнкү аралыгы (Р.Алтымышовдон Арал мечитинен жогору жагы) (Т.Жетимишовдон Н.Даиевден төмөн жагы) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Данияров Бердикожо атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, Эркебаев Орунбайдын үйүнөн баштап, Кеңешбаев Сталбектин үйүнө чейинки чоң жолдун үстүнкү аралыгы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Данияров Бердикожо атындагы көчөсү болуп аталсын.

2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.

Корул айылдык кеңешинин төрагасы

Т. Маназаров
