Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Корул айылдык кеңешинин «Кең-Жылга айылындагы Доскул, Мукур-2 участкасына көчөгө ысым коюу жөнүндө» токтому
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 37-заседаниясы
2016-жылдын 27-сентябры № 37/6 Кең-Жылга айылындагы Доскул, Мукур-2 участкасына көчөгө ысым коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, Турганбаев Жанибектин үйүнөн баштап, Рахманов Айтбайдын тамарка жерине чейинки аралыкты (Р.Алтымышовдон Арал мечитинен жогору жагы) (Т.Жетимишовдон Н.Даиевден төмөн жагы) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Маматумаров Турганбай атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, Турганбаев Жанибектин үйүнөн баштап, Рахманов Айтбайдын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Маматумаров Турганбай атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы
Т. Маназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон