# Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 37/2 "1-Май айылынын Олжоке, Шоро-Булак участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 37/2 "1-Май айылынын Олжоке, Шоро-Булак участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37/2
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3640/edition/752740/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 37/2 "1-Май айылынын Олжоке, Шоро-Булак участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө" токтому (27.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29410

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 37-заседаниясы

2016-жылдын 27-сентябры № 37/2 1-Май айылынын Олжоке, Шоро-Булак участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын Олжоке, Шоро-Булак участкаларын бириктирип, Асыранов Калыктын үйүнөн баштап, Кулбаев Урматбектин үйүнө чейинки аралыкты мамлекеттик кызматтарда иштеп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Жоробеков Турдубай атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айылынын Олжоке, Шоро-Булак участкаларын бириктирип, Асыранов Калыктын үйүнөн баштап, Кулбаев Урматбектин үйүнө чейинки аралыкты мамлекеттик кызматтарда иштеп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Жоробеков Турдубай атындагы көчө деп атоо жөнүндө атындагы көчөсү болуп аталсын.

2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана -Май айылынын айыл башчысы К.Закировго милдеттендирилсин.

Корул айылдык кеңешинин төрагасы

Т.Маназаров
