# Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 36/8 "Кең-Жылга айылынын Атаке, Кара-Таш участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндөгү" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 36/8 "Кең-Жылга айылынын Атаке, Кара-Таш участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндөгү" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36/8
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3637/edition/752674/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 36/8 "Кең-Жылга айылынын Атаке, Кара-Таш участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндөгү" токтому (19.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29407

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 36-заседаниясы

2016-жылдын 19-августу № 36/8 Кең-Жылга айылынын Атаке, Кара-Таш участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Атаке, Кара-Таш участкаларын бириктирип, Чамашов Муктардын үйүнөн баштап, Кеңешбаев Абдипасаңдын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Чамашов Маматураим атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Жылга айылынын Атаке, Кара-Таш участкаларын бириктирип, Чамашов Муктардын үйүнөн баштап, Кеңешбаев Абдипасаңдын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Чамашов Маматураим атындагы көчөсү болуп аталсын.

2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.

Корул айылдык кеңешинин төрагасы

Т. Маназаров
