# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/294)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 27.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-280/edition/797118/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/294/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 1-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 92-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "лицензияда белгиленген

операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берил- ген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредит уюмдарына же мекеме- лерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 96-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "юридикалык жактар-

дын уставдык максаттары" деген сөздөрдөн кийин "лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берил- ген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда" деген сөздөр ме- нен толукталсын.

3. 148-статьянын 1-пунктунда:

төмөндөгү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында банктар, финансы-кредит уюм- дары же мекемелери, акционердик коом болуп саналган камсыздандыруу жана инвестициялык уюмдар үчүн коомдун аткаруучу органдарын шайлоонун ушул статьяда көрсөтүлгөндөн башкача тартиби каралышы мүмкүн."; сегизинчи абзац тогузунчу абзац деп эсептелсин.

4. 204-статьянын 2-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен

толукталсын: "банкта салынган аманаты же эсеби болгон же аманат салып же эсеп ачып жатышкан граждандардын, ошол аманат салынган же эсеп ачылган банк- тын же финансы-кредит мекемесинин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты.".

5. 307-статьянын 2-пунктундагы "же шарттуу акча бирдиктеринде",

"же шарттуу акча бирдигинде" деген сөздөр алынып салынсын.

6. 309-статьянын "кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки

чыгымдары, андан соњ - проценттер жана айып төлөмдөр, ал эми калган бөлүгүндөгү - карыздын негизги суммасы" деген сөздөр "карыздын негизги суммасы, андан кийин - кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки тарткан чыгымдары, ал эми калган бөлүгүндө - проценттер жана айып төлөмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. 749-статьянын 3-пункту алынып салынсын.

8. 752-статьянын 3-пунктундагы "салымдын суммасы аманат салуучу

кайрылгандан тартып 48 сааттын ичинде берилет" деген сөздөр алынып са- лынсын.

9. 770-статьянын 2-пунктундагы "мыйзам тарабынан белгиленген же"

деген сөздөр алынып салынсын.

10. 773-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Банк банктык эсеп жана банктык аманат, эсептер боюнча операци- ялар, кардарлар жөнүндө маалыматтардын жана банк менен кардардын орто- сунда түзүлгөн мамилелердин жүрүшүндө банкка маалым болгон же ага ише- нип билдирилген кандай болбосун маалыматтардын купуя сакталышын гаран- тиялайт. Бул гарантия, алардын банкта эсеби барбы же жокпу, ага карабастан, банктын мурдагы кардарларына жана банк кызмат көрсөткөн жактарга да ти- ешелүү.".

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-2)
