Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья
Күчүндө · 13.04.2017 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 92-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "лицензияда белгиленген
операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берил- ген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредит уюмдарына же мекеме- лерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 96-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "юридикалык жактар-
дын уставдык максаттары" деген сөздөрдөн кийин "лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берил- ген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда" деген сөздөр ме- нен толукталсын.
3. 148-статьянын 1-пунктунда:
төмөндөгү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында банктар, финансы-кредит уюм- дары же мекемелери, акционердик коом болуп саналган камсыздандыруу жана инвестициялык уюмдар үчүн коомдун аткаруучу органдарын шайлоонун ушул статьяда көрсөтүлгөндөн башкача тартиби каралышы мүмкүн."; сегизинчи абзац тогузунчу абзац деп эсептелсин.
4. 204-статьянын 2-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен
толукталсын: "банкта салынган аманаты же эсеби болгон же аманат салып же эсеп ачып жатышкан граждандардын, ошол аманат салынган же эсеп ачылган банк- тын же финансы-кредит мекемесинин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты.".
5. 307-статьянын 2-пунктундагы "же шарттуу акча бирдиктеринде",
"же шарттуу акча бирдигинде" деген сөздөр алынып салынсын.
6. 309-статьянын "кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки
чыгымдары, андан соњ - проценттер жана айып төлөмдөр, ал эми калган бөлүгүндөгү - карыздын негизги суммасы" деген сөздөр "карыздын негизги суммасы, андан кийин - кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки тарткан чыгымдары, ал эми калган бөлүгүндө - проценттер жана айып төлөмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 749-статьянын 3-пункту алынып салынсын.
8. 752-статьянын 3-пунктундагы "салымдын суммасы аманат салуучу
кайрылгандан тартып 48 сааттын ичинде берилет" деген сөздөр алынып са- лынсын.
9. 770-статьянын 2-пунктундагы "мыйзам тарабынан белгиленген же"
деген сөздөр алынып салынсын.
10. 773-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Банк банктык эсеп жана банктык аманат, эсептер боюнча операци- ялар, кардарлар жөнүндө маалыматтардын жана банк менен кардардын орто- сунда түзүлгөн мамилелердин жүрүшүндө банкка маалым болгон же ага ише- нип билдирилген кандай болбосун маалыматтардын купуя сакталышын гаран- тиялайт. Бул гарантия, алардын банкта эсеби барбы же жокпу, ага карабастан, банктын мурдагы кардарларына жана банк кызмат көрсөткөн жактарга да ти- ешелүү.".
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/294/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>