# КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 27.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-280/edition/797118/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/294

---

Бишкек шаары 1999-жылдын 27-ноябры № 131

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 2009-жылдын 20-февралындагы № 57, 2009-жылдын 20-июлундагы № 241, 2013-жылдын 19-августундагы № 195, Мыйзамдарынын КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексинин редакцияларына ылайык

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 92-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "лицензияда белгиленген

операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берил- ген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредит уюмдарына же мекеме- лерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 96-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "юридикалык жактар-

дын уставдык максаттары" деген сөздөрдөн кийин "лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берил- ген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда" деген сөздөр ме- нен толукталсын.

3. 148-статьянын 1-пунктунда:

төмөндөгү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында банктар, финансы-кредит уюм- дары же мекемелери, акционердик коом болуп саналган камсыздандыруу жана инвестициялык уюмдар үчүн коомдун аткаруучу органдарын шайлоонун ушул статьяда көрсөтүлгөндөн башкача тартиби каралышы мүмкүн."; сегизинчи абзац тогузунчу абзац деп эсептелсин.

4. 204-статьянын 2-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен

толукталсын: "банкта салынган аманаты же эсеби болгон же аманат салып же эсеп ачып жатышкан граждандардын, ошол аманат салынган же эсеп ачылган банк- тын же финансы-кредит мекемесинин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты.".

5. 307-статьянын 2-пунктундагы "же шарттуу акча бирдиктеринде",

"же шарттуу акча бирдигинде" деген сөздөр алынып салынсын.

6. 309-статьянын "кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки

чыгымдары, андан соњ - проценттер жана айып төлөмдөр, ал эми калган бөлүгүндөгү - карыздын негизги суммасы" деген сөздөр "карыздын негизги суммасы, андан кийин - кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки тарткан чыгымдары, ал эми калган бөлүгүндө - проценттер жана айып төлөмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. 749-статьянын 3-пункту алынып салынсын.

8. 752-статьянын 3-пунктундагы "салымдын суммасы аманат салуучу

кайрылгандан тартып 48 сааттын ичинде берилет" деген сөздөр алынып са- лынсын.

9. 770-статьянын 2-пунктундагы "мыйзам тарабынан белгиленген же"

деген сөздөр алынып салынсын.

10. 773-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Банк банктык эсеп жана банктык аманат, эсептер боюнча операци- ялар, кардарлар жөнүндө маалыматтардын жана банк менен кардардын орто- сунда түзүлгөн мамилелердин жүрүшүндө банкка маалым болгон же ага ише- нип билдирилген кандай болбосун маалыматтардын купуя сакталышын гаран- тиялайт. Бул гарантия, алардын банкта эсеби барбы же жокпу, ага карабастан, банктын мурдагы кардарларына жана банк кызмат көрсөткөн жактарга да ти- ешелүү.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-2)

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-3)

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 23-статьянын 3-пунктундагы "талашсыз" деген сөз "мажбурлоо

(соттун чечими боюнча)" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 25-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "банктар" деген сөз алынып са-

лынсын.

3. 26-статьянын 3-пунктундагы "ишканалардан биринчи кезекте жана

талашсыз тартипте, жеке адамдардан-администрациялык тартипте" деген сөздөр "камсыздандыруучу тарабынан сот тартибинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 27-статья алынып салынсын.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-4)

(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-5)

(КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-6)

"Чарба жүргүзүүчү шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Рес- публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо- мосттору, 1996-ж., № 60) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги- зилсин:

1. 2-статьянын 3-пунктундагы "мүлктүн укуктук режими" деген сөздөр

"ошондой эле башкаруу органдарынын иш өзгөчөлүгү" деген сөздөр менен толукталсын.

2. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына

ылайык күчүн жоготту деп табылган)

3. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына

ылайык күчүн жоготту деп табылган)

4. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына

ылайык күчүн жоготту деп табылган)

5. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына

ылайык күчүн жоготту деп табылган)

6. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына

ылайык күчүн жоготту деп табылган) (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-7)

(КР 2013-жылдын 19-августундагы № 195 Мыйзамына ылайык кучун жоготту)

### [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-8)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; ушул Мыйзамдын жүзөгө ашырылышын камсыз кылган ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

### [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/294/st-9)

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев

1999-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
