# Кара–Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 17/2 "Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн Кара-Кочкор айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара–Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 17/2 "Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн Кара-Кочкор айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/2
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3623/edition/770219/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара–Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 17/2 "Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн Кара-Кочкор айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө" токтому (04.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29393

---

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин кезексиз он жетинчи сессиясынын ( У чакырылыш) жыйналышынын

2016-жылдын 4-апрели № 17/2 Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн Кара-Кочкор айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 19 – августундагы № 467 сандуу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссия жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык Кара – Кочкор айылдык округунун Кеңешинин кезексиз он жетинчи сессиясынын (У шайланган ) жыйналышы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара – Кочкор айылынын борбордук көчөсу Толонбаев Дүйшөбек атындагы көчө болуп аталсын .

2. Кара – Кочкор айылындагы тошку Молдалиев Жумабайдын үйүнөн Акматов Абдишүкүргө чейинки көчө Дуйшеев Жаныбек атындагы көчө болуп аталсын .

3. Коюлган көчөлөрдү иретке келтирүү,көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди тагуу, айылдагы элди таза суу менен камсыз кылуу жана суу түтүкчөлөрүнүн ар бир точкасынан суу чыгаруу, көчөну жарыктандыруу, көчөнүн бузулган жерлерин оңдоо, шагыл төктүрүү жактары Толонбаев Дуйшөбектин балдарына жана Дуйшеев Жаныбектин бир туугандарына жүктөлсүн .

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын .

Төрага

К. Асанов
