# Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы, № 47 "Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Ош шаарындагы аба-ырайынын орточо пландык эсептөөсүн 3 жылдык орточо температуранын фактысы менен эсептөөгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы, № 47 "Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Ош шаарындагы аба-ырайынын орточо пландык эсептөөсүн 3 жылдык орточо температуранын фактысы менен эсептөөгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3608/edition/770155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/29377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы, № 47 "Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Ош шаарындагы аба-ырайынын орточо пландык эсептөөсүн 3 жылдык орточо температуранын фактысы менен эсептөөгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (31.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29377

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

2016-жылдын 31 октябры № 47 Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Ош шаарындагы аба-ырайынын орточо пландык эсептөөсүн 3 жылдык орточо температуранын фактысы менен эсептөөгө макулдук берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы №248/08-6 катын карап, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорологиялык агенттигинин айлана чөйрөгө мониторинг жүргүзүү жана гидрометеорологиялык камсыздоонун аймактык башкармалыгынын 2013-2016-жылдардагы жылуулук сезону учурунда орточо температуранын фактысы боюнча көрсөткүчтөрүн негиз кылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2016-2017-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдоо» жөнүндөгү №215-токтомунун 2-пунктун жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы отурумунун №13-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына пландык эсептөөсүн Ош шаарынын акыркы 2013-2016-жылдардагы жылуулук берүү мезгилиндеги аба-ырайынын орточо температурасынын фактысы болгон +2,56°С менен эсептөөгө макулдук берилсин.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.

Төрагасы

Ж.Ормонов
