Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Ош шаарындагы аба-ырайынын орточо пландык эсептөөсүн 3 жылдык орточо температуранын фактысы менен эсептөөгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2016-жылдын 31 октябры № 47 Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Ош шаарындагы аба-ырайынын орточо пландык эсептөөсүн 3 жылдык орточо температуранын фактысы менен эсептөөгө макулдук берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы №248/08-6 катын карап, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорологиялык агенттигинин айлана чөйрөгө мониторинг жүргүзүү жана гидрометеорологиялык камсыздоонун аймактык башкармалыгынын 2013-2016-жылдардагы жылуулук сезону учурунда орточо температуранын фактысы боюнча көрсөткүчтөрүн негиз кылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2016-2017-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдоо» жөнүндөгү №215-токтомунун 2-пунктун жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы отурумунун №13-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына пландык эсептөөсүн Ош шаарынын акыркы 2013-2016-жылдардагы жылуулук берүү мезгилиндеги аба-ырайынын орточо температурасынын фактысы болгон +2,56°С менен эсептөөгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрагасы
Ж.Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.04.2016 · № 215 · Күчүн жоготкон