# Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы № 45 "Ош шаарынын Жеңиш паркына С.Чокморовдун скульптуралык айкелин орнотууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы № 45 "Ош шаарынын Жеңиш паркына С.Чокморовдун скульптуралык айкелин орнотууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3606/edition/770150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/29375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы № 45 "Ош шаарынын Жеңиш паркына С.Чокморовдун скульптуралык айкелин орнотууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (31.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29375

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

2016- жылдын 31-октябры № 45 Ош шаарынын Жеңиш паркына С.Чокморовдун скульптуралык айкелин орнотууга макулдук берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 12-октябрындагы №417/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-октябрындагы №39-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан Жеңиш паркына СССР Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, белгилүү киноактңр С.Чокморовдун скульптуралык айкелин орнотууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрагасы

Ж. Ормонов
