# Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы № 40 "Ош шаарынын Ленинград көчөсүндөгү Ак-Буурадарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү курууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы № 40 "Ош шаарынын Ленинград көчөсүндөгү Ак-Буурадарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү курууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3601/edition/770280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/29370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы № 40 "Ош шаарынын Ленинград көчөсүндөгү Ак-Буурадарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү курууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (31.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29370

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

2016-жылдын 31-октябры № 40

Ош шаарынын Ленинградкөчөсүндөгү Ак-Буурадарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруугамакулдук берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы №393/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 7-октябрындагы №33-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаарынын Ленинград көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү курууга макулдук берилсин.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрагасы

Ж.Ормонов
