# Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-апрелиндеги №29\\10 "Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларды алып чыгуу, тазалоо жок кылуу боюнча ар бир кожолукка жыйым өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-апрелиндеги №29\\10 "Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларды алып чыгуу, тазалоо жок кылуу боюнча ар бир кожолукка жыйым өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29\\10
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/293067>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-38721/edition/845829/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-апрелиндеги №29\\10 "Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларды алып чыгуу, тазалоо жок кылуу боюнча ар бир кожолукка жыйым өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (25.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/293067

---

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин 29-сессиясы (V шайланган)

2017-жылдын 25-апрели №29\\10 Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларды алып чыгуу, тазалоо жок кылуу боюнча ар бир кожолукка жыйым өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 14.04.1994-жыл № 1480-Х11 “Салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү” Мыйзамынын 12 статьясынын 1 жана 2-бөлүмчөсүн жетечиликке алып жана “Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставына ылайык, “Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А.Жороевдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларды алып чыгуу, тазалоо жок кылуу боюнча ар бир кожолукка бир жылга 250 (эки жүз элүү) сом жыйым төлөмү бекитилсин.

2. Кара-Кулжа райондук мекеме-уюмдар жана ишканалар менен келишим түзүү жагы “Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А.Жороевго жүктөлсүн.

3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы катуу тиричилик калдыктарын жок кылуу, тазалыкты, жашылдандырууну, корктондурууну жана жарыктандырууну камсыздоо жагы А.Жороевге тапшырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.05.2011-жыл № 224 “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жөнүндөгү типтүү” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Бюджет жөнүндөгү кодекстерин талаптарына ылайык ар бир кожолуктан бир жылга 250 (эки жүз элүү) сом жыйым төлөмүн оңдүрүүнү уюштуруу жагы А.Жороевго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдыкадыров
