# Капчыгай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 23-октябрындагы № 16.20 "Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Капчыгай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 23-октябрындагы № 16.20 "Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16.20
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/293037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-38691/edition/845634/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Капчыгай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 23-октябрындагы № 16.20 "Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө" токтому (23.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/293037

---

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңешинин кезексиз 16-сессиясы (V шайланган)

2016-жылдын 23-октябры № 16.20 Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо,алардын атын өзгөртүү,географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айылдык Кеёешинин Терек-Суу айылынын маданият үйүнө ат коюу боюнча Терек-Суу айылынын элдик жыйынын 2016-жылдын 21-октябрындагы протоколунун чечимине ылайык Капчыгай айылдык Кенеши кезексиз он алтынчы сессиясынын (V шайланган) жыйналышы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын 2016-жылдын21-октябрдагы жалпы элдик жыйынынын протоколунун чечими бекитилсин.

2. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын маданият үйүнө Турганбаев Тынчтыкбек Иркамиловичтин ысымы берилип, «Турганбаев Тынчтыкбек Иркамилович атындагы Терек-Суу маданият үйү» деп аталсын.

3. Турганбаев Тынчтыкбек Иркамилович атындагы Терек-Суу маданият үйүнүн муктаждыктарын толуктоо жагы Турганбаевдердин үй бүлөөсүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн аппаратына тапшырылсын.

Төрага

А. Азимбаев
