Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Капчыгай айылдык кеңешинин «Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө» токтому
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңешинин кезексиз 16-сессиясы (V шайланган)
2016-жылдын 23-октябры № 16.20 Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо,алардын атын өзгөртүү,географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айылдык Кеёешинин Терек-Суу айылынын маданият үйүнө ат коюу боюнча Терек-Суу айылынын элдик жыйынын 2016-жылдын 21-октябрындагы протоколунун чечимине ылайык Капчыгай айылдык Кенеши кезексиз он алтынчы сессиясынын (V шайланган) жыйналышы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын 2016-жылдын21-октябрдагы жалпы элдик жыйынынын протоколунун чечими бекитилсин.
2. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын маданият үйүнө Турганбаев Тынчтыкбек Иркамиловичтин ысымы берилип, «Турганбаев Тынчтыкбек Иркамилович атындагы Терек-Суу маданият үйү» деп аталсын.
3. Турганбаев Тынчтыкбек Иркамилович атындагы Терек-Суу маданият үйүнүн муктаждыктарын толуктоо жагы Турганбаевдердин үй бүлөөсүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн аппаратына тапшырылсын.
Төрага
А. Азимбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз…Положение · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон