Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Гүлчө айылдык кеңешинин «Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №7 С.Молдокулов атындагы орто мектебинин чатырынын эскилиги жеткендигине байланыштуу толугу менен жаңыдан алмаштыруу жана айнек,терезе, эшиктерин заманбап пластик айнек,терезе, эшиктерди коюу боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө» токтому
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 12-отуруму
2017-жылдын 20-ноябры №12/9 Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №7 С.Молдокулов атындагы орто мектебинин чатырынын эскилиги жеткендигине байланыштуу толугу менен жаңыдан алмаштыруу жана айнек,терезе, эшиктерин заманбап пластик айнек,терезе, эшиктерди коюу боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №7 С.Молдокулов атындагы орто мектебинин чатырынын эскилиги жеткендигине байланыштуу толугу менен жаңыдан алмаштыруу жана айнек,терезе, эшиктерин заманбап пластик айнек,терезе, эшиктерди коюу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №7 С.Молдокулов атындагы орто мектебинин чатырынын эскилиги жеткендигине байланыштуу толугу менен жаңыдан алмаштыруу жана айнек,терезе, эшиктерин заманбап пластик айнек,терезе, эшиктерди коюу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 2 180 048 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 20 пайыздык 436 009 сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
Төрага
К. Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Күчүн жоготкон