# Гүлчө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы №12/8 "Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Гүлчө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы №12/8 "Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/8
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292969>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-38623/edition/847564/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гүлчө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы №12/8 "Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому (20.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292969

---

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 12-отуруму

2017-жылдын 20-ноябры №12/8 Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 1 998 881 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 20 пайыздык 399 776 сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.

Төрага

К. Исмаилов
