# Ак Сай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы №4 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жерди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак Сай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы №4 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жерди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-38475/edition/846578/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак Сай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы №4 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жерди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (29.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292821

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак Сай айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы (IV чакырылыш) 2017-жылдын 29-сентябры №4 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жерди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21, 2017-жылдын 01-июнундагы №95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын санитардык абалын жакшыртуу максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XII-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай, Керме-Тоо жана Көчө-Карын участкаларынан турмуш тиричилик таштандыларын ташоочу жай үчүн 1гадан жалпы 3га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.

3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлүн.

Төрага

С.Анаров
