Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак Сай айылдык кеңешинин «Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жерди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак Сай айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы (IV чакырылыш) 2017-жылдын 29-сентябры №4 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жерди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21, 2017-жылдын 01-июнундагы №95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын санитардык абалын жакшыртуу максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XII-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай, Керме-Тоо жана Көчө-Карын участкаларынан турмуш тиричилик таштандыларын ташоочу жай үчүн 1гадан жалпы 3га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлүн.
Төрага
С.Анаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 01.06.2017 · № 95
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 19.03.2016 · № 21 · Күчүн жоготкон