# Катраң Айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы №8 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Катраң Айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы №8 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292799>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-38453/edition/846534/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Катраң Айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы №8 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому (09.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292799

---

КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Катраң Айылдык кеңешинин кезексиз IV Сессиясы ( VI Чакырылыш )

2017-жылдын 9-февралы №8 Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” мыйзамынын 6-бөлүмүн эске алуу менен Катраң айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Жолдошовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш чарага ылайык Катраң айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акысы төмөнкүдөй белгиленсин;

Ø Бирканын өздүк наркы ( эки кулагына басылат) 38 (отуз сегиз) сом; Ø Жеке вет сервистердин кызмат акысы үчүн мал башына 22 (жыйырма эки) сомдон;

2. Мыйзам чегинде жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү вет сервистерге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Катраң айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Жолдошовго тапшырылсын.

Төрага

Бөрүбаев С.Ж.
