# Ак-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-мартындагы №3 "ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына “Кароосай” участкасынан убактылуу пайдаланууга 14,0 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-мартындагы №3 "ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына “Кароосай” участкасынан убактылуу пайдаланууга 14,0 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-38325/edition/846352/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-мартындагы №3 "ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына “Кароосай” участкасынан убактылуу пайдаланууга 14,0 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому (29.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292671

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин IV сессиясы (VII чакырылыш)

2017-жылдын 29-марты №3 ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына “Кароосай” участкасынан убактылуу пайдаланууга 14,0 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө

Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 9 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасынын жазган арызы боюнча туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Кароосай” участкасынан 14,0 га жер аянты бекитилип берилсин.

2. Бекитилип берилген жер аянтын трансформациялоо Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара келишими жана соц.пакет бекитилсин.

4. Жана башка мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.

5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

6. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У. Качыбековго милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Эшалиев
