# Жумгал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-мартындагы №05\\3 "Жумгал айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жумгал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-мартындагы №05\\3 "Жумгал айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 05/3
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-38050/edition/841011/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жумгал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-мартындагы №05\\3 "Жумгал айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (10.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292396

---

ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жумгал айылдык кеңешинин кезектеги 5 сессиясы ( XXVII- чакырылыш )

2017-жылдын 10-марты №05\\3 Жумгал айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун

тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 токтомун аткаруу максатында Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жумгал айыл аймагына караштуу баардык ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин;

- ар бир ири мүйүздүү малга басылган бирканын баасы - 40 (кырк) сом

- идентификациялоо жургузгон операторлордун кызматтык акысына

(услугасына) - 30(отуз) сом

- ири мүйүздүү малдарды база түшүрүүдөгү интернеттин кызмттык акысына (услугасына) -10 (он) сом

2. Жумгал айыл аймагындагы ар 1(бир) баш ири мүйүздүү малды идентификациялоо учун, баардыгы болуп 80 (сексен) сом болуп бекитилсин.

3. Ушул токтомдун негизинде Жумгал айыл аймагындагы ири мүйүздүү малы бар малдын ээлери, идентификациялоо учун бекитилген бааны, ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жургузгон тиешелүү кызматкерлерге, операторлого өз убагында төлөнүшүн көзөмөл жүргүзүү жагы Жумгал айыл Өкмөтүнүн вет адиси Н.Жаманкуловго милдеттендирилсин.

Төрага

Т.Айтбаев

:
