# Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №8 “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору” жана үй-булөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №8 “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору” жана үй-булөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292340>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37994/edition/845187/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №8 “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору” жана үй-булөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйү жөнүндө" токтому (19.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292340

---

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 56-сессиясы

2016-жылдын 19-августу №8 “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору” жана үй-булөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйү жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борборунун” жана үй-бүлөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйүнүн кызматкерлеринин айлык маяналары шаардын бюджетинен төлөнүп берилбесин.

2. Жогорудагы борборлор мамлекеттик долбоордун негизинде түзүлгөндүктөн борбордун кызматкерлерине айлык маяналарын мамлекет тарабынан төлөнүп берилүүсүн сунуштоо жагы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б. Бегалиев
