# Ош шаардык кеңешинин 2017 жылдын 6 мартындагы № 67 "Ош шаарындагы кээ бир көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жана атын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2017 жылдын 6 мартындагы № 67 "Ош шаарындагы кээ бир көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жана атын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37960/edition/836195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2017 жылдын 6 мартындагы № 67 "Ош шаарындагы кээ бир көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жана атын өзгөртүү жөнүндө" токтому (06.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292305

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (IV чакырылыш)

2017 жылдын 6 марты № 67 Ош шаарындагы кээ бир көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жана атын өзгөртүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 2-мартындагы №71/08-6 катын, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 1-мартындагы №4-протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 3-мартындагы №5-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жапалак айылындагы М.Алыбаев атындагы көчө-Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Эргеш Исаков атындагы көчөгө; -Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №2-көчө- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча регионалдык башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы, милициянын полковниги, маркум Толкунбек Шоноев атындагы көчөгө өзгөртүлсүн.

2. Көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) милдеттендирилсин.

3. Көчөлөрдүн аты жазылган көрнөк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.

4.Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.-Ш. Марифов), шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.

5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
