Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын 2016-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 6-марты № 63 Ош шаарынын 2016-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-декабрындагы №214-«Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык жана Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 26-январындагы №18/08-6 Ош шаарынын 2016-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 2-февралындагы отурумунун №2-токтомунун негизинде, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын 2016-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ош шаарынын 2016-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Батыров) жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Ормонов
2016-жылдын Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгашалары
Ош шаардык Кеңешинин2017-жылдын 6-мартындагы кезектеги VII-сессиясынын №63- токтомунун №2-тиркемеси
2016-жылдын Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгашаларыФункциялардын аталышы
2016- жылга бекитилген план
2016- жылга такталган план
Айырмасы (+;-)
Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат
116 357,6
124 462,4
8 104,8
анын ичинен атайын каражаттар
2 386,5
6 495,9
4 109,4
Коргоо
7 015,6
5 071,2
-1 944,4
Коомдук тартип жана коопсуздук
500,0
500,0
Экономикалык маселелер
118 658,5
119 789,4
1 130,9
анын ичинен атайын каражаттар
2 210,0
3 244,0
1 034,0
Турак жай жана коммуналдык кызматтар
381 069,0
471 442,3
90 373,3
анын ичинен атайын каражаттар
6 401,0
4 553,2
-1 847,8
Саламаттык сактоо
6 793,2
6 793,2
анын ичинен атайын каражаттар
Эс алуу, маданият жана дин
71 703,0
73 192,3
1 489,3
анын ичинен атайын каражаттар
530,0
421,5
-108,5
Билим берүү
319 127,4
289 829,5
-29 297,9
анын ичинен атайын каражаттар
88 418,5
61 760,9
-26 657,6
Социалдык коргоо
20 827,9
24 012,7
3 184,8
анын ичинен атайын каражаттар
350,0
178,1
-171,9
Жалпысы
1 034 759,0
1 115 093,0
80 334,0
анын ичинен атайын каражаттар
100 296,0
76 653,6
-23 642,4
Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгы-56363,2 миң, сом
Жетекчи
С.Маматалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.