# Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу катын кароо жөнүндө" тоткому

- Толук аталышы: Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу катын кароо жөнүндө" тоткому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37895/edition/832119/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу катын кароо жөнүндө" тоткому (12.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292240

---

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (алтынчы чакырылышынын) кезектеги VIII- сессиясы 2017-жылдын 12-сентябры № 68 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу катын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу катын кароо боюнча даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап депутаттардын Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу каты көңүлгө алынсын.

2. Өткөрүлгөн аудит жыйынтыгын Дара айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча материалдар айыл өкмөттүн жалпы жыйынында каралып кетирилген кемчиликтерге баа берүү жана тийиштүү чараларды көрүү жагы каралсын.

3. Ижарага берилген жерлер, жайыт пайдалануу боюнча конкреттүү түрдө иш чара колдонулуп, берилбей калган жер жана жайыттардан киреше табуу жагы менен ижара акыдан аласаларды тез арада өндүрүлсүн. Талаш тартыш болуп турган жайыт жерлерине тез арада компетенттүү комиссия түзүп, жыйынтык чыгаруу жагы Дара айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттар өз максатында сметада бекитилген боюнча сарпталышы катуу көзөмөлгө алынсын.

5. Бухгалтердик эсеп жана отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №224-токтому менен бекитилген бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча инструкциянын негизинде жүргүзүүсү ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.

Төрага

М.Султанов
