Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дара айылдык Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу катын кароо жөнүндө» тоткому
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (алтынчы чакырылышынын) кезектеги VIII- сессиясы 2017-жылдын 12-сентябры № 68 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу катын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу катын кароо боюнча даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап депутаттардын Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы №01-12/567 сандуу каты көңүлгө алынсын.
2. Өткөрүлгөн аудит жыйынтыгын Дара айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча материалдар айыл өкмөттүн жалпы жыйынында каралып кетирилген кемчиликтерге баа берүү жана тийиштүү чараларды көрүү жагы каралсын.
3. Ижарага берилген жерлер, жайыт пайдалануу боюнча конкреттүү түрдө иш чара колдонулуп, берилбей калган жер жана жайыттардан киреше табуу жагы менен ижара акыдан аласаларды тез арада өндүрүлсүн. Талаш тартыш болуп турган жайыт жерлерине тез арада компетенттүү комиссия түзүп, жыйынтык чыгаруу жагы Дара айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттар өз максатында сметада бекитилген боюнча сарпталышы катуу көзөмөлгө алынсын.
5. Бухгалтердик эсеп жана отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №224-токтому менен бекитилген бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча инструкциянын негизинде жүргүзүүсү ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
Төрага
М.Султанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 224 · Күчүн жоготкон